Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Чалдовар айылындагы Салкын көлмөсүнө 14 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 17-август күнү Чалдовар айылында Салкын көлмөсүнө 2006-жылы төрөлгөн 14 жаштагы кыз чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жайыл райондук №22 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 12:30 чамаларында маркумдун денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.