Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткенге шектүү айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 17-августка караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсү менен белгисиз айдоочу түндүктү көздөй бара жатып, Шампанвинкомбинатынын тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын айынан болжол менен жашы 35-40 курактагы аял киши окуя болгон жерден көз жумган.
Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында Toyota Estima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1997-жылы туулган Э.А. кармалган жана Бишкек ШИИББинин жол транспорт кырсыктарын тескеген тергөө кызматына өткөрүп берилген. Унаа айып короосуна токтотулган.
Буга чейин Бишкектин Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа аялды сүзүп кеткени кабарланган.