Бишкекке Москвадан 232 Кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бул каттам "Урал Авиалиния" авиакаттамы аркылуу ишке ашкан.
"Бул каттам менен студенттер, кош бойлуу аялдар, жаш балдар жана ооруп жаткан жарандар келишти", - деп жазылат маалыматта.