10-август күнү Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 5 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Куткаруучулар 10-август күнү Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 2015-жылы туулган бөбөктү издеп табышты. Окуя Бишкек шаарынындагы Патрис Лумумба көчөсүндө орун алган. Анда жаш бала эртен мененки 8 дер чамасында ойноп жатып сууга чөгүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын күн сайын аткарган иш аракетинин натыйжасында сөөктү 18-август күнү издеп табышты. Жалпысынан издөө иштерине ӨКМден 21 куткаруучу тартылган. Наристени издөө иштери башталгандан тартып Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүнө алынып, издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүүдө зарыл болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ыкчам аракеттерди көрүүнү тапшырган. Бүгүн ӨКМ кызматкерлери жансыз денени ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.