Биз социалдык тармакта

"Кол чатырыңызды унутпаңыз". 19-августка карата аба ырайы

Эртең,19-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Ош облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында катуу жаан-чачын болот. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен Чүй, Жалал-Абад тоолуу жерлеринде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30,

Нарын жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +15...+20,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6...+11, күндүз +15...+20,

Талас облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28 градус ысыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз +4...+9 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын табы түнкүсүн +11...+13, күндүз +26...+28 градуска чейин жогорулайт.

18.08.20. Күн ичиндеги маанилүү кабарлар топтому
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан