UFC уюмундагы эң мыкты мушкер Жон Жонс чемпиондук титулунан баш тартты

UFC уюмунун эң мыкты мушкери, жалпы рейтингде (салмак категориясына карабай) биринчи сапта турган америкалык Жон Жонс чемпиондук курдан баш тартты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мен бүгүн UFC уюумунун жетекчилиги менен телефондон сүйлөшүп, орто салмактын чемпиондук курунан баш тартканымды билдирдим. Бул салмактагы жолум өзүнчө бир саякат болду. Аны уюштургандардын баарына, ошондой эле атаандаштарыма жана күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Жон Жонс өзүнүн карьерасында жалпысынан 27 беттешке чыгып, анын 26сын уткан. Бир жолу жеңилүү ызасын тартса, пландалган бир беттеши өтпөй калган. Америкалык мушкер UFC уюмунда 2008-жылдан бери беттештерге катышып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан