Биз социалдык тармакта

Эскертүү! 20-августта Бишкектин айрым райондорунда таза суу токтотулат (тизме)

20-августта калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, куруу-оңдоо иштерине байланыштуу, 20-августта саат 09:00дөн 21:00гө чейин Сүйөркулов – Тыныстанов – Ахунбаев – "Ала-Арча" суусу – Медеров – Радищев – Л.Толстой – Ж.Пудовкин – Элебесов – Медеров – Ж.Пудовкин – Ахунбаев – Элебесов – Байтик Баатыр көчөлөрү чектешкен жерде таза суу берүү токтотулары маалымдалат.

Суу менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөр жаралса "Бишкек суу канал" башкармалыгынын төмөнкү байланыш номурларына байланышуу керек:

"Бишкек суу канал" башкармалыгынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;
Ички үйлөрдүн түйүндөрү боюнча кайрылуулар үчүн байланыш: 54-42-45, 54-42-44;
"Шаар суу өткөрүү" башкармалыгы тышкы түйүндөр боюнча кайрылууларды кабыл алат: 44-95-97;
Көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен "Бишкек суу канал" башкармалыгынын 0770 838458 WhatsApp номерине жиберсеңиздер болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2020-08-18 22:30:24
Элебесовдун тиешеси жок ал жактарга))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан