Биз социалдык тармакта

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал төмөндөө тенденциясына ээ болууда

Кыргыз өлкөсүндө 18-августка карата эпидемиологиялык кырдаал төмөндөө тенденциясына ээ болууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, 3-августтан 9-августка чейин ооруга кабылган адамдардын жалпы саны 3 миң 12 болсо, 10-августтан 16-августка чейин 1 миң 814 болду.
"Оорунун жаңы учурлары 2020-жылдын 13-июлунан 19-июлуна чейин эң көп катталган. 10-августтан 16-августка чейин өткөн жумага салыштырмалуу 40 пайызга төмөндөгөнү байкалууда. Акыркы жумада тестирлөөдөн өткөн жарандардын арасында ПЦР-анализдери COVID-19 вирусунун бар экенин көрсөткөндөр 4,9 пайызды түздү. Буга чейин 17 апта бою бул көрсөткүч 23,1 пайызды көрсөтүп келген", - дейт Каратаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2020-08-18 19:21:27
Все спланировано шайлоого карата, и вакцина чыгып атканына байланыштуу, андан көрө мектеп универлерди ачкыла
. Шайлоонорду жыйыштырып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан