Биз социалдык тармакта

Президент менен вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 18-августта президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министри Акрам Мадумаров менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү чаралары, ошондой эле Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бул багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Мамлекеттик чек ара тилкелеринде ар кандай талаш-тартыштарга жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жакынкы мезгилге өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр мерчемделген.

Президент коронавирус пандемиясы шартында Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин активдештирүүнүн маанисине токтолду.

Коңшу элдердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө үчүн элдик дипломатия ыкмаларын кеңири колдонуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчы калкы катаал шартта жашап жаткан Баткен облусун өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр менен колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Ал бюджеттин тартыштыгына карабастан, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландаштырылган бардык программаларды каржылоо толук көлөмдө улантыларын айтты.

"Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруу керек. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация объектилерин реабилитациялоо жана салуу, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, медициналык мекемелерди, логистикалык борборлорду куруу боюнча маанилүү социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу үзгүлтүккө учурабашы керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdu77
2020-08-18 23:13:15
Эн биринчи чек ара маселесин чечип бериниздерчи. Анан онуктурбой койсонуздар деле мейли. Онукпосок деле жашай беребиз. Тынч жашасак болду. Ушу кунго чейинки отуп келген тиричилигибиз ото берет. Болгону чоочулабай тынч жашайлычы. Балдарыбыздын эле келечегин ойлоп калдык. Озубуз го мейли эми. Чек араны эле чечип бериниздер сиздерден биз Баткен эли башка эч эч эч нерсе суранбайбыз. Чек ара маселеси эле чечилсе болду башка проблемаларды озубуз бирдеме кылып эптештиребиз. Онукпой деле журо беребиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан