Биз социалдык тармакта

Анжелика: "Бишкекте жаңы ачылган сейилдөөчү багы "Баатырлар багы" деп аталса дейт элем"

Буга чейин Бишкек шаарынын түштүк тарабында курулуп жаткан жаңы сейил багына пандемия учурунда стационарда иштеп жатып каза болгон, ыктыярчынын жаркын элесине арнап "Адинай" деген ат коюу сунушталган болчу. Ал эми бул туурасында ырчы Анжелика өзүнүн Инстаграм баракчасына "бардыгын камтып, "Баатырлар багы" же башка ушул сыяктуу ат койсо туура болчудай" деген пикирин калтырган. Ырчынын мындай пикири интернет колдонуучулар арасында талкуу жаратып, бири "туура айтасыз" десе, бири караманча каршы экендигин жазышууда.

"Адинайдын ата-энесине дагы бир жолу көңүл айтып, кайгысы менен тең бөлүшөм. Бирок бул сейилдөөчү бакта COVID-19 пандемиясындагы көзү өткөн доктурлардын, академик, профессорлордун, имамдардын, эл сыйлаган инсандардын эстеликтери жана жалпы пневмониядан көзү өткөндөрдүн чоң тизмеси орун алып, "Баатырлар" багы (парк "Героев") аталса дейт элем. Оюңуздар кандай?", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы сейил багына президент Сооронбай Жээнбеков 11-августта пандемияга каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштаган.

Ал эми аталган сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, сейил бак жакын арада пайдаланууга берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jelezo
2020-08-18 21:31:54
Президент сунуш кылыптыр туура эле деп ойлойм,ал эми башкалардын эстеликтерин койсо болот себеби алардын аттары көчөлөргө жана башка жакттарда коюлуп жатса керек.
-4
ilgizk
2020-08-18 21:38:10
Баатырлар көп кайсынысын айтасын.
+7
Bars88
2020-08-18 21:48:03
Озу Бишкекти деле анжелика деп озгортуп коюш керек
+22
Mister-X
2020-08-19 01:18:37
Bars88,Ошондо жаны жай алабы же Ошту дагы Анжелика кылгыла деп чыгабы?
+8
Agayu
2020-08-19 01:23:07
Анжэлика саясатка аралашпай жакшы автордук ыр жаратсаң жакшы болмок .Ато ырчы айым экениңди билем , бирок кайсыл ырды ырдаганыңды билбейт экем. Ар кимибиз өз жумушубузду кылайлычы , Баарыбыз адис , эксперт , политик болуп кеттик го.
+10
Bekish-
2020-08-19 03:44:24
Жөн эле Бишкек парк болсун
0
bema_bema
2020-08-19 11:08:14
Каерде болсо эле кыпчылып
0
Sayragul
2020-08-19 16:36:44
Туура, Анжеликанын оюна кошуламын.Бир эле адамдын эмес, "Баатырлар багы" деген дурустай. Бул ар кимдин ою. Анжелика дагы оз туура оюн айтыптыр, копчулук кошулат болуш керек.
-1
States
2020-08-19 18:12:48
Анжелика эсине келчи Covid -19 дан олгон академик профессорлор дуйно жузуно тараган оорудан олду . Адинай болсо ошол жерде баатырлык кылып ошол сен айткан адамдардын омуру менен курошом деп олду . Оорудан олгон адамдарга баатыр дебейт, оз жанын аябай коркунучтуу жерде ыктыярдуу иштеп озу олуп башкаларды сактап калган адамды БААТЫР дейт . Анда коронадан олгон адамдардын баарын баатыр дейли
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан