Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар, кафе-барлардын иштөөсү түнкү саат 24:00гө чейин деп узартылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
"Буга чейинки саат 20:00гө чейин деген чектөө алынды. Бирок адамдын саны 50дөн ашпай, санитардык эрежелер так сакталышы керек. Ал эми чайканалардагы кабиналарга 12 орундан ашпаган шартта гана уруксат", - деп айтылат маалыматта.