Чүй облусунун Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Сокулук РИИБине 25 жаштагы Э.А. аттуу кыз кайрылып, чала таанышы 15-август күнү саат 01:30 чамасында белгисиз курал менен коркутуп, денесине жаракат келтирип, андан кийин качып кеткенин айтып арыз жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ыкчам-иликтөө иштеринде шектүү катары 22 жаштагы Чүй облусунун тургуну С.А. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө бөлүмүнө өз эрки менен тапанчасын өткөрүп берген. Учурда териштирүү иштери жүрүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгында кармалган баланын ишине юридикалык баа берилет", - деп билдирет басма сөз кызматынан.