Курулуштун башталышы тууралуу CapstroyKG курулуш компаниясы маалымдады. Бул бизнес-класс объектиси борбор калаанын Ажыбек Баатыр-Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде курулат. Аталган имараттын башкалардан өзгөчөлүгү –16 кабаттан турат жана курулушта колдонула турган материалдары менен айырмаланат.
Объекттин "Агат" деп аталышы – бул жөн гана символикалуу аталыш эмес, ал өтө маанилүү аббревиатура, анын ар бир тамгасы өзүнчө бир мааниге ээ: А – Актив (пайдалуу салым), Г – сапаттын жана ишенимдүүлүктүн Гаранты (курулушта мыкты материалдар колдонулат), А – үй-бүлөлүк баалуулуктардын Архиви (үй - үй-бүлөлүк окуялар үчүн жайлуу жер болот), Т – жайлуулуктун жана комфорттун Талисманы (тынч жашоо үчүн коопсуз жай).
Объекттин концепциясында үй-бүлөлүк баалуулуктар, коломтонун маанилүүлүгү жана үй-бүлөдөгү карым-катнаш камтылган.
"Биз үчүн конок тосуп, үй-бүлөлүк майрамдарды белгилеп жана жөн гана жашай турган үйлөрдү куруу өтө маанилүү. Ар бир адам үчүн үй жайлуу жана жылуу орун бойдон калуусуна аракет кылабыз. Биздин жаңы "Агат" объектибиз, "Бактылуулук – бул үйдө болуу" урааныбыз сыяктуу эле бул миссиянын коштоочусу болуп калат жана аны ишке ашырууга умтулат", - деп билдирди CapstroyKG компаниясынын башкы директору Талантбек Кенжеев.
"Агат" турак-жай комплексинде батирлерди кенен тандоо мүмкүнчүлүгү берилет – жалпы үй-бүлө үчүн эргономикалык студиялар жана бир бөлмөлүү батирлер, функционалдуу 2 бөлмөлүү батирлер, кеңири үч жана төрт бөлмөлүү батирлер. Аталган объекттин курулуш иштерин бүтүрүү 2023-жылдын I кварталына пландалган.
Кошумча пландаштыруу суроолору боюнча компаниянын 0557 900 600 байланыш номуруна кайрылса болот.