Бишкекте 57 жаштагы аял кишини унаа сүзүп кетип каза болду (видео)

Кечээ, 18-август күнү кечинде Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүнөн 57 жаштагы аял кишини унаа сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020- жылдын 18- августунда болжол менен саат 19:40 чамасында 1997- жылы туулган К.Б аттуу айдоочу Ниссан үлгүсүндөгү автоунаа менен Л.Толстой көчөсү менен батышты көздөй баражатып."Глобус" соода борборунун тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Натыйжада 1963- жылы туулган П.Н аттуу аял киши окуя болгон жерден көз жумган", - деп жазылган билдирүүдө.

Азыркы учурда тийиштүү экспертиза дайындалып жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2020-08-19 12:26:50
Ошол участок ото кооптуу. Былтыр да бир баланы ошо жерден сузуп набыт болгон.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан