Жалал-Абад шаарында жааган жаандан улам арыктарда суу ашып, жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында 19-август күнү саат 02:06да жааган жаандын кесепетинен Кур-Кура көчөсүндө арыктарга суу батпай ашып, турак үйлөрдүн короолорун каптап кетүү коркунучу жаралган. Суу каптаган жерге Өзгөчө кырдаалдар министринин №20 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып арыктарды тазалашкан.