19-августунда Екатеринбургдан Бишкекке «Урал авиалиния» ААК чартердик каттамы менен 166 Кыргыз жараны келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бул каттам менен Бишкекке курч муктаждыктары бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Ноябрьск, Курган, Пермден жана башка шаарлардан келишти.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жана кыргыздардын диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле, "Урал авиалиния" авиакомпаниясынан мурда сатылып алынган авиабилеттер эске алынган, алар эпидемиологиялык кырдаалдын түзүлгөндүгүнө башланыштуу ишке ашпай калган.