Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарын улантууда. Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан