10 миллион сомдон ашык пайда көрүшкөн. Балыкчыда каржы пирамидасын уюштурган деп шектелип 7 аял камакка алынды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында финансылык пирамида оюндарын уюштурган деп шектелип 7 аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, алар мыйзамсыз 10 миллион сомдон ашык пайда көрүшкөн. Кармалган жарандарга Жазык кодексинин 214-беренеси ("каржы пирамидаларын уюштуруу") коюлган.

"Жабырлануучулар Балыкчы шаарында орун алган "Ырыскы" жана "Ак-Куу" каржы мекемелери ири пайызда үстөк төлөп берерин убадалагандан улам, аталган мекемелерге акча каражаттарын салышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө ишинде шектүү катары Балыкчы шаарынын тургундары 27 жаштагы Т. З., 28 жаштагы А.А., 38 жаштагы А.Ж., 31 жаштагы Т.Ч., 35 жаштагы Б.А., 51 жаштагы Б.Г., 55 жаштагы О.А. аттуу 7 аял кармалды. 18-август күнү соттун чечими менен кылмышка шектүү аялдар 2 айга камак алынышты.

Милиция кызматкерлери каржы пирамидасынын уюштуруучулары, көбүрөк кардарларды өздөрүнө тартуу үчүн, жаӊы тартылган кардарлардын эсебинен түшкөн акча каражаттарын алгач сүйлөшкөн пайыздык өлчөм менен төлөп келишкен. Андан кийин төлөмдөрдү токтотуп салышкан. Бүгүнкү күндө, эки каржы пирамидасы боюнча 143 арыз катталып, анын ичинен 132 тергөө жана 11 жоруктар багыттары боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле алданып калган кардарлардан арыздар дагы да түшүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Асманга ок аткан бала кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Akyl78.1501
2020-08-19 13:23:45
Бетин корсотуп эле койсонор болмок
+7
Snare
2020-08-19 13:53:57
Эмвейчилерди да камап койгулачы))
+4
nurka_85
2020-08-19 22:11:21
Snare,
Amwey акча пирамидасы эмес, ал жерде дүйнөлүк бренд болгон витаминдер, сонун товарлары бар. Мен иштебейм , бирок товарларын колдоном, өтө сапаты мыкты баардык товарлары
-1
AruuKasi
2020-08-19 14:27:23
Кебетелери кантет ушуга ишенген силерге чала эле болот алданган адамдар.
+5
Bakbai
2020-08-19 15:28:55
Варна тур дегени да бар экен го ошолорду да жок кылгылачы
+6
engel
2020-08-19 15:30:41
Элдер оздору куноолуу да кошулган. Оной акча кайда бар экен. Кыныр иш кырк жылда билинет дейт
+4
TalaCSKA
2020-08-19 15:33:43
Крыша болгон менттерди да кармагыла.
+6
katerina.li
2020-08-19 23:01:16
Сейф бизнес деле пирамидаго Аны эмнеге кармашпайт?
+5
bond02
2020-08-20 01:05:31
Оной оокаттын даамы жок болот туугандар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан