Биз социалдык тармакта

"Бет кап тагынып, кол аарчы, антисептикалык каражаттарды пайдаланышы керек". 1-класстарды окутуудагы алгоритм иштелип чыкты

Өкмөт 1-сентябрдан тарта учурдагы кырдаалды эске алып кадимки тартипте биринчи класстын окуучуларын гана окутуп баштоону чечти. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

"Биз Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыктык" деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова.

Талаптар жана сунуштамалар:

  • Ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек, эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл;
  • Мектептердин директорлору санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу;
  • Балдар бет кап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептикалык каражаттарды пайдаланышы керек, аларды ата-энеси камсыздоого тийиш;
  • Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы керек. Ата-энелерге балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүсү сунушталат;
  • Аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки (чыгуу/кирүү) эшиги болушу зарыл;
  • Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептерде суу менен камсыздалуу, канализация жана жылытуу сезонуна даярдыгы болушу керек.
Асманга ок аткан бала кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kylychisa
2020-08-20 00:00:13
Бил эреже 1-2 Кун сакталат андан кийин болду да . Бирок кантип 3-4 саат маска кийип журот экен билбейм балдар кыйналып калат ко дем жетпей.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан