Яндекс компаниясы Go'ну ишке киргизүүдө — бул колдонмо күнүмдүк маселелерди чечүүгө керектүү болгон сервистерди бир жерге бириктирет. Кыргыз өлкөсүндө Яндекс Go колдонмосунда азырынча шаарда такси менен тез жүрүү жана буюмдарды заматта жөнөтүү кызматтары бириктирилди; ал эми башка өлкөлөрдө бул кызматтардын катарына ресторандардан тамак-аштарды жана дүкөндөрдөн азык-түлүктөрдү экспресс-жеткирүү, коомдук транспорттун "жандуу" ырааттамасы, каршеринг жана жеке айдоочу менен сапарга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да кошулушу мүмкүн.
Яндекс.Такси колдонмосунун ордуна Go келет. Яндекс Go ар кандай сервистердин мүмкүнчүлүктөрүн бир колдонмого бириктирип, алардын негизги технологияларынын баарын пайдаланат. Сервистердин буюртмаларын аткарган айдоочулардын "куру талаага" иштегени азайып, буйрутмаларды күтүүдө бош отура беришпейт.
"Яндекс Go адамдарга шаар ичинде жүрүүгө байланыштуу бардык маселелерди тез жана өз убагында чечүүгө мүмкүндүк берет. Такси 5 мүнөттөн аз убакытта келет, буюм же документтерди жеткирүүгө орточо эсеп менен 20 мүнөт кетет. Яндекс экосистемасынын ичиндеги технологиялар жана платформалардын жардамы менен биз күнүмдүк иштерди кыйла жеңилдеттик, ошондуктан эми адамдар ал иштерди оңой жасап жана башка иштери менен чогуу алып кете алышат", - деп айтып берди "Яндекс.Такси" компаниялар тобунун башкы директору Даниил Шулейко.
Аталышы менен кошо Яндекс Go'нун интерфейси да өзгөрөт, бирок Яндекс.Таксинин стили сакталат.
Яндекс.Go'го өтүү үчүн Яндекс.Таксинин колдонуучулары колдонмону соңку жаңы версияга чейин жаңыртышы керек. Жаңы колдонуучулар үчүн Яндекс Go сервиси Google Play жана AppStore дүкөндөрүндө жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.
Яндекс.Такси Бишкекте 2017-жылдын ноябрында иштеп баштаган, азыр сервисти Ош шаарында да колдонсо болот.Ушул жылдын башында сервисте такси кызматынан тышкары жеткирүү функциясы да иштеп баштаган.