Бишкектеги обсервациялардын биринде иштеп жатып каза болгон Адинай Мырзабековага Ысык-Ата районуна караштуу Жетиген айылындагы мүрзөсүнө эстелик орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркум Адинайдын атасы Замирбек Жээналиев билдирди.
Жээналиевдин айтымында Адинайдын кыркылыгы 21-августка белгиленген.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курстун студенти 13-июль күнү каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле мекемеден маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон деген алдын ала маалымат беришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчы Адинай Мырзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткан.