Бишкек-Ош унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, чоң апа небереси менен жабыркады. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-август күнү саат 10:30 чамасында Кара-Көл шаарындагы Капчыгай аймагында катталган.
"Хонда СР-В унаасын Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районунун тургуну башкарып бара жатса, ал эми Хонда Одиссей унаасын Аксы районунун тургунунун башкаруусунда болгон. Хонда Одиссей Ош тарапты көздөй баратып, бурулуш жолдон рулун башкара албай Хонда СР-В унаасы менен кагылышкан. Кырсыктан Базар-Коргон районунун 1958-жылы туулган тургуну С.Р. жана анын 10 жаштагы небереси Ж.А. жабыркап, Кара-Көл шаардык ооруканасынан медициналык жардам алып, үйлөрүнө жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматынан.