Биз социалдык тармакта

Бишкекке Новосибирсктен Кыргыз жарандары учуп келди

19-августта "Манас" Эл аралык аэропорту "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Орусиядан 185 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасаткандар киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Владивосток, Петропавловск-Камчат, Якутск ошондой эле Сибир Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Babi.
2020-08-19 18:13:19
Эч кандай кезектешуу жок эле акча бергендер кетип жатат.Нагло айтып жатышат,билет 19мин руб + билетти очередь ге турбай алганын учун 3мин руб бересин деп.Бети жоктор!
0
Tolkun555
2020-08-19 22:05:48
Babi.,бизден Красноярскийден кечээ Новосибирский аркылуу кетишти 35000 рублдан. Ортомчулар коп.
0
Nargizab
2020-08-19 18:13:38
Билеттин баасы канча балуп атат ошондо билгендер айтып койгулачы?
0
Tolkun555
2020-08-19 22:06:23
Nargizab,35000 р
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан