Күздө өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-августтагы маалыматына ылайык, алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес.
Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ушуну менен азыркы маалда шайлоого катышуу ниети менен 35 партия турат. Бул сан дагы кыскарышы мүмкүн. Ал эми борбордук шайлоо комиссиясы учурда шайлоого кызуу даярданып жатат. Мындан улам SUPER.KG порталы шаар тургундарынын шайлоого катышар, катышпас ниетин билип көрдү.