Биз социалдык тармакта

Ошко Москвадан дагы 162 Кыргыз жараны учуп келди

"Ош" Эл аралык аэропорту 19-августта "Авиа Траффик Компания" авиакомпаниясынын "Москва-Ош" багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти..

Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 162 Кыргыз жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргыз мамлекетине кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМдин жана Орусиядагы Кыргыз өкмөтүнө караштуу ММКнын өкүлдөрүнөн турган Комиссия тарабынан түзүлгөн. Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдети барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын каза болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2020-08-20 01:02:40
Оор илдети барлар, акчасы барлар учуп жатышат деп койбойсунбу.
-2
tatynam_88
2020-08-20 01:49:12
Талашып жатып AVIA TRAFFIC рейсти алды,эми журот да кыбырап 100_150 дон адам ташып.биякта кыйналгандарды ким кормок эле.кудайым эч кимдин башына салбасын,оз ата-энесинин тажыясына катыша албай калгандар болуп жатат.эээх кыргызым баары жакшы болоор деген умутто жашап келатабыз.
0
Marihuana
2020-08-20 03:52:21
Москва-Ош билетти канчадан алып жатасыздар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан