Ош облусунда жээк бекемдөө жана алдын алуу курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош облусунун аймагында 2020-жылы аткарылуучу "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" мерчеминин негизинде жалпы-100 объект каралып, анын ичинен 81 объектини ӨКМ, 19 объектини жергиликтүү бийлик тарабынан аткаруу каралган, кошумча андан сырткары 15 объект мерчемге кошумча киргизилген.
Жалпы облус боюнча ӨКМнын тарабынан жергиликтүү бийликке 3 миң 104 даана габион торчолору жана 17 миң 209 литр күйүүчү май бөлүп берилип, иштетилүүдө.