Жаңы типтеги ооруканалардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Азыркы учурда жалпы республика боюнча 12 медициналык мекеме курулуп, оңдолуп-түзөлүп жана иш багыты өзгөртүлүп жатат.
"Калкка комплекстүү медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн жаңы типтеги ооруканаларды куруу пландаштырылган. Анын алкагында жаңы, эксперименталдык бат тургузулуучу 3 клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулуш иштери жүргүзүлүүдө", - дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинин стратегиялык пландоо жана долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынан.
Алар:
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 9 медициналык мекеме үчүн масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Алар:
Жаңыдан салынып, иш багыты өзгөртүлүп, оңдоп-түзөө иштери жасалып жаткан ооруканаларга керектүү медициналык жана медициналык эмес жабдуулардын наркы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эсептелип чыкты. Жалпысынан:
Ысык-Көл жана Талас облустарындагы иш багыты өзгөртүлүп, кайра түзүлгөн инфекциялык ооруканаларды медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздоо пландаштырылууда.