Биз социалдык тармакта

Шамалды-Сайда селкинчектин жибине асылып калып, тыбырчылап жаткан 4 жашар кызды чек арачы сактап калды

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында селкинчектин жибине асылып калган кызды чек арачы сактап калды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз 4 жашта болгон.

Кызматтан үйүнө кайтып баратып балдар аянтчасында турникке тагылган селкинчектин жибине асылып калып, тыбырчылап жаткан кичинекей кызды аскер кызматкери көрүп калган. Дем жетпей бараткан кыздын моюнундагы жибин чечип, ага алгачкы жардамды көрсөткөн. Кыздын апасы эрдик жасаган аскер кызматкерин ал күнү таппай калып, ага издөө салган. Ал Калысбек Эмилбеков аттуу кызматкер болгону аныкталган. Ага кыздын апасы ыраазычылык билдирген. Ал эми чек арачы "наристенин өмүрүн сактап калганыма кубанычтамын", - деп айтып берген.

Калысбек Эмилбеков 2027 аскер бөлүгүндө аскерлер кызматы жана аскердик коопсуздук кызматынын улук офицери кызматын аркалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2020-08-20 10:21:53
Кудай сактаптыр. Омурун узун болсун кичинекей. Чек арачыга ийгилик
+11
Eminahanym
2020-08-20 11:50:23
Өмүрүн сактап калган жигит сенин да өмүрүн узун болсун. Ата-энене рахмат.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан