Ош шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки кызматкери ортосунда уруш чыгып, бири ооруканага жаткырылды. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.
Окуя кечээ, 19-августта башкы инспектор Т.М. менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетектөө тобунун башчысы М.П.нын ортосунда чыккан.
Учурда М.П. аттуу кызматкер ооруканада, ал эми Т.М. оорусуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен.
"Эки кызматкер тең бири-бири арыз жазды. Бул факты Ош ШИИБинде катталып, учурда ички иликтөө кызматы териштирүү ишин баштады. Тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди басма сөз кызматынан.