Биз социалдык тармакта

Кембридж университети Роза Отунбаевага илимий кызматкери болууну сунуштады

Кембридж университети экс-президент Роза Отунбаеваны чакырылган илимий кызматкери болууну сунуштады. Бул тууралуу "Роза Отумбаеванын демилгеси" фондунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, экс-президент Роза Отунбаева 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрь айына чейин Кембридж университетинин Борбордук Азия боюнча Форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын чакырылган илимий кызматкери болуп шайланды.

Кембридж университетинин Борбор Азия боюнча Форуму (GCRF) Борбор Азияны жана Евразияны изилдеп, үйрөнүү боюнча изилдөө борбору болуп саналат. Ал аталган регионду изилдөөгө өзүнүн ишмердигин арнаган Кембридж университетинин ар түрдүү департаменттеринин окумуштууларынын, изилдөөчүлөрүнүн жана студенттеринин башын бириктирип турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
i1urp
2020-08-20 13:09:34
Молодец. Роза Отунбаева татыктуу инсан. Абдан билимдуу, илимдуу.
-3
Suzak12
2020-08-20 14:31:01
Ушунун айынан 2.5 миллярд карыз азыр 4 миллярд болуп жатат!!!Мунун бизге эмне кереги бар ал аз келгенсип мамлекеттен канчалаган адамдардын пенсияларын алып жатат бир озу.
+2
Mirnar
2020-08-20 15:33:02
Озубуздун университеттерде эле мугалим болуп иштесе пайдасы тиймек Кыргызыма.
0
Jelezo
2020-08-20 21:49:25
Азаматсыз Роза Исаковна дүйнөгө Айтматовдон кийин сиз таанытып жатасыз.Бирок сизди эч качан көзмө көз көргөн эмесмин.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан