Биз социалдык тармакта

Сузакта бир үй-бүлөнүн 3 баласы тилемчилик кылып жүргөн жеринен кармалды

Сузак районунун аймагында жайкы эс алуу учурунда өспүрүмдөр кылмыш кылып, селсаяктык, тилемчилик менен алектенишин болтурбоо максатында "Тилемчи" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасында бир үй-бүлөнүн 3 баласы тилемчилик кылып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сузак районундагы тургунунун 17-августтан бери үйүнөн чыгып кетип, тилемчилик кылып жүргөн 3 баласы табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.

Ошону менен катар бул үй-бүлөнүн абалы боюнча райондук социалдык жактан коргоо мекемесине балдарына жардам алуу боюнча сунуш жөнөтүлдү. Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул багытта алдын алуу жана түшндүрүү иштери дагы да болсо үзгүлтүксүз жүргүзүлө бермекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-X
2020-08-20 12:23:13
Быйыл Сузактыктардын эле жылы болду окшойт.Жакшы да,жаман да кабар Сузакта болуп жатты.Кобунчо жаман кабар болду окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан