Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Өзбек жаштарынын достугу дагы бир ирет бекемделди

Кечээ, 19-августта Кыргыз өлкөсүнүн Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун чек аралаш аймакта жашаган жаштарынын ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш чара өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин, эки облустун элинин ынтымагын, кошуналык жакын мамилесин бекемдөө, жаштар арасында достукту чыңдоо боюнча иш чараларды жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында уюштурулган.

"Мелдеш Өзбекстандын Сох районунун аймагында уюштурулуп, ага Баткен облусунун Айдаркен шаарынын жана Бирлик айыл аймагынын 25 спортчусу катышты. Мелдеш спорттун теннис, шахмат, футбол түрлөрү боюнча уюштурулуп, Баткен облусунан барган жаштар теннис жана шахмат оюндарынын жеңүүчү болду.

Ал эми футбол боюнча мелдеш, эки команда тең чыгуу менен аяктап, достук жеңгендиги белгиленди. Мелдеш салтанаттуу түрдө жыйынтыкталып, тараптар бир бирине каалоо-тилек, жылуу пикирлерди билдирип, сыйлыктар тапшырылды. Баткен облусунан барган спортчуларды Айдаркен шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жетектеп барды", - деп билдирди басма сөз өкүл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Moskva93
2020-08-20 11:55:07
Бөрү баласы ит болбойт
+1
ZUXRIDDIN20
2020-08-20 12:06:34
Таможныйды ачкыла эми
0
i1urp
2020-08-20 13:08:45
Показуха.
+1
Kylychisa
2020-08-20 13:10:56
Жакшы ушундай эле болсун
+1
AdylbekB84
2020-08-20 13:54:29
Ушундай жакшы саамалыктар көп боло берсин! Вирус, кризис, сел, көчкү, уруш, согуш, жарылуу дегендерден мээ дагы чарчады!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан