Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык 2 балбан биринчи беттештерин жеңди
Күрөш боюнча бүгүн, 16-сентябрда башталган Дүйнө чемпиондугунда 55 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча Алтынбек Алымбаев 55 килограмм салмакта биринчи беттеште гондурастык Брэндон Хесус Эскобар Амадорду мөөнөтүнөн мурда жеңди. Беттеш 11:4 эсебинде Алтынбек Алымбаевдин пайдасына чечилди. Ал эми буга чейин килем үстүнө чыккан кыргызстандык Алексей Крупняков (96 килограмм) америкалык Дэниел Джеймсти 4:3 эсебинде утуп алды.