Биз социалдык тармакта

31-августка чейин Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга 18 каттам учат (тизме)

Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Бишкек менен Оштон учуучу авиа каттамдардын жаңыланган графигин таратты. Анда 31-августка чейин Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга 18 каттам пландалган.

Каттамдардын тизмеси:

20 август Ош-Москва, 6:30 учат ("Аэрофлот").
22 август Бишкек-Санкт-Петербург, 07:35 учат («Урал авиалиниялары»).
22 август Ош-Санкт-Петербург, 21:55 («Урал авиалиниялары»).
23 август Бишкек-Москва, 16:20 учат («Аэрофлот»).
23 август Бишкек-Новосибирск, учуу убактысы такталууда.
24 август Ош-Екатеринбург, 05:05 учат («Урал авиалиниялары»).
25 август Бишкек-Москва, учуу убактысы такталууда.
25 август Ош-Новосибирск, 17:45 («S7»).
26 август Бишкек-Екатеринбург, 5:00 («Урал авиалиниялары»).
26 август Ош-Москва, 7:45 («S7»).
29 август Бишкек-Санкт-Петербург, 07:35 («Урал авиалиниялары»).
29 август Ош-Санкт-Петербург, 21:55 («Урал авиалиниялары»).
30 август Бишкек-Новосибирск, 18:10 («S7»).
30 август Бишкек-Москва, 16:20 («Аэрофлот»).
31 август Ош-Екатеринбург, 05:05 («Урал авиалиниялары»).
1 сентябрь Бишкек-Москва,учуу убактысы такталууда.
1 сентябрь Ош-Москва, учуу убактысы такталууда.
1 сентябрь Ош-Новосибирск, учуу убактысы такталууда («S7»).

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы каттамга катталган Орусиянын жарандары учар күнү сайттагы атайын бланкты толтуруп https://www.gosuslugi.ru/394604/1 Орусияга келгенге чейин үч календардык күндүн ичинде коронавируска карата ПЦР-анализ тапшыруусу зарыл. Анын жыйынтыгы https://www.gosuslugi.ru/400705/1 порталына жүктөлүшү керек.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн жарандары төмөндөгү учурларда уча турган жүргүнчүлөрдүн тизмесине кире алат: ата-энелери, балдары жана жубайлары Орусиянын жараны болсо, убактылуу жашоого уруксаты барлар, медициналык мекемелер чакырып жаткандар жана бейтап жакындарын карайм дегендер, коронавируска карата тапшырган ПЦР-анализи таза болгондор( анализ учурга үч күн калганда тапшырылышы керек). kyrgyz.mid.ru/uslovia-popadania-na-vyvoznye-rejsy-v-rossiu шилтемеси аркылуу кирип тизмеге кантип кирүү жөнүндө маалымат алса болот.

“Бонецкий” жана “Аква Лаб" лабораторияларынан жасалган анализдер кабыл алынат.

«

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KENEWBEK88
2020-08-20 14:05:04
Сонун жанылыкго, мурдакыдай рейстер сентябрдан болуп калар бекен? Авиакассалардан билет алып эле учуп кете бермай качан болот?
+1
Eminahanym
2020-08-20 14:15:09
Анализ алчуу Лабороториялары Бонецкий жана Аквалаб лабороториялы акчаны кырат экенда. Бир жолку Ковидке анализ канча турат? Билгендер жазыпкоюңуздар
+2
talaa11
2020-08-20 14:18:06
Жол эртереек ачылса жакшы болот эле ато Кыргызстанда кризис болуп кеттик
0
Kol88
2020-08-20 15:58:53
Бир анализ 210 доллар
0
satyke
2020-08-20 16:18:48
Kol88, Имуноферментный анализ(ИФА)1700руб,Полимеразная цепная реакция( ПЦР)1900р Москвада. Каяктагы 210$?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан