Биз социалдык тармакта

Министрдин орун басары: "Социалдык аралыкты сактабасак вирусту жеңишибиз кыйын болот"

Кырдаал турукташып жаткандыгына карабастан, абал калыбына келе элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 20-августта өткөн жыйын учурунда айтты.

"Алдын алуу чараларын улантуу керек. Социалдык дистанцияны сактабасак вирусту жеңишибиз кыйын болот. Муну башка өлкөлөр дагы айтып жатат, социалдык аралыкты сактап, бири-бирибизден обочолонуп оокатыбызды кылсак", - деди Үсөнбаев.

Ал жарандарды социалдык аралыкты, жеке гигиена эрежелерин сактоого жана бет кап кийүүгө үндөдү. "Бет кап тагынуу вирусту жеңгенге чейин кабыл алынган жүрүм-турум болушу керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurda00
2020-08-21 07:22:34
Шайлого угут иштерин баштаган партияларга да айтып койсонор ушул нерсени
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан