Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Москванын метросунан кармалды

Контролер Ольга Яровая

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Москванын метросунда кармалды. Бул тууралуу шаардын Башкы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Владислав Султановдун билдиргенине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Метро контролёру Ольга Яровая рига багытындагы метрого "Третьяковская" станциясынан чыккан эркек кишини токтотуп, текшерүүгө алган. Анын жанында документтери жок болгондуктан аты-жөнүн аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө алып барышкан. Полиция кызматкерлери бул жаран "ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен эл аралык издөөдө экендиги аныктаган", - деп билдирди Султанов.

Маалыматка ылайык, учурда шектүүгө карата күч органдары тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Ал эми метро контролёру шаардык транспорттогу коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн сыйланаары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Imon7
2020-08-21 09:50:55
Метрого билети жок тушкон бекен? Контролёр электронный билеттерди гана текшергенге укугу бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан