Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бүгүн, 20-август күнү түш чендерде Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук ИИБинен билдиришти.

"Патрис Лумумба көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынан азиат түспөлүндөгү, жашы болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук медициналык экспертиза дайындалып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти райондук башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан