Баткендеги жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратын оңдоп түзөө жумуштары 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын, 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалып жаткан оңдоп-түзөө иштери 70 пайызга аяктаган.
"Учурда имараттын эшик терезелери, чатыры толугу менен алмаштырылып, канализация жумуштары бүткөрүлдү. Оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттин эсебинен 12 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Оорукана август айынын аягына пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө", - деп билдирди басма сөз өкүлү.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Баткен районунун жана Баткен шаарынын 120 миңге чукул калкына, облустук оорукананын 45 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү кызмат көрсөтүп келет.