Өлкө жарандары август айынын аягында үч күн катары менен эс ала алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта 29-30-август дем алыш күндөрү болуп, ал эми 31-августта Эгемендүүлүк күнү белгиленгендиктен, жарандар 29-30-31-август күндөрү эс алары айтылган.