Биз социалдык тармакта

Ошто Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын эки кызматкери мушташып кетишти

Ош шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын эки кызматкери мушташып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кечээ күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери имараттын алдында өз ара чырдашып кетишкен. Натыйжада эки тарап тең Ош ОИИБиге арыз менен кайрылышты. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене ("майда бейбаштык") менен катталып, соттук медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Ошол экспертизанын жыйынтыгына жараша сотко чейинки өндүрүш иштери улантмакчы", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Majit1975
2020-08-21 07:31:09
Бөлүшө албай калса керек да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан