Жаңы курулуп жана оңдолуп жаткан ооруканалардын медициналык жабдыктары үчүн 230 миллион сом керектелет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги курулуп, кайра профилдештирилген жана оңдолуп жаткан ооруканаларга медициналык жана медициналык эмес жабдыктардын бааларын эсептеп чыкты.
Медициналык жабдыктар үчүн 230 миллион сом, ал эми медициналык эмес жабдыктар үчүн 13 миллион сом керектелет.
Ысык-Көл жана Талас облустарындагы кайра профилдештирилген жугуштуу оорулар ооруканаларына медициналык жабдыктарды жана эмеректерди алуу жана каржылоо каражаты облустардын жергиликтүү бюджетинен каралат.