Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарындагы таштанды полигонунда иштегендерге 1 тонна ун таратылды

Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигонунда иштеген жарандарга муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен 1 тонна ун таратылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигонунда эмгектенген жана күнүмдүк тамак-аш үчүн жалданып иштеп, акча тапкан жарандарга 1 тонна ун таратылды.
Иш-чарада Кыргыз мамлекетинин Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү Султан ажы Момунов жана Эстебес ажы Ажыкулов бул жолу 100 үй-бүлөгө таратышты", - деп билдиришти Муфтияттан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан