Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда бир күн мурун балык уулоого кетип дайынсыз болуп жаткан эки бала аман-эсен табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Масадан айылынын каналына кечээ, 20-августта балык уулоого кетип дайынсыз жоголгон эки жаш бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 20-август күнү саат 20:00 чамасында Масадан айылындагы каналына 2 жаш бала (2010-жылы жана 2012-жылы төрөлгөн) балык уулоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болушкан. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук №65 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 15 куткаруучу, ИИМдин кызматкерлеринен жана туугандарынан тартылган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 21-август күнү 2 жаш бала каналга жакын жайгашкан турак үйдүн чатырынан куткаруучулар тарабынан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан