Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, "Таза суу" долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.
Мындан тышкары Кубатбек Боронов Каракол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын оңдоп-түзөө иштери менен таанышат", - деп жазылат маалыматта.