Пандемияга карабастан, Бишкекте дагы бир жаңы сейил бактын курулушу улантылууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10 гектардан ашык аянтта үч фонтан түзүлүп, бетондолгон. Электр тармактары, суу түтүктөрү жана канализация орнотулган. Сейил бактын кире беришине жол салынып, үч коомдук даараткана бүтүп калган.
Курулуштун баасы 74 миллион 700 миң сомду түзүп, жумуш шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.