Биз социалдык тармакта

Эң көп Ош облусу алган. Быйылкы жылы микрокредит алгандардын саны 30 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 16 миллион 114 миң 7 жүз сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 382,8 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 30 пайызга жакын, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 17,3 пайызга көбөйгөн.

1-график: I жарым жылдыктагы калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусуда (3 миллион 653 миң 8 жүз сом, же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,7 пайызы) жана Жалал-Абад облусунда (2 миллион 563 миң 5 жүз сом же 15,9 пайызы). Бишкек шаарында (2 миллион 248 миң 6 жүз сом же 14 пайыз), ошондой эле Чүй облусунда (2 миллион 60 миң 3 жүз сом же 12,8 пайызы) жана Ысык-Көл облусунда (1миллион 798 миң 6 жүз сом же 11,2 пайызы) алуучуларына берилген.

Берилген микрокредиттердин көлөмү,

миллион сом

Алуучулардын саны,

миң адам

2019

2020

2020-ж. 2019-ж. карата пайыз менен

2019

2020

2020-ж. 2019-ж. карата пайыз менен

Баткен облусу

872,2

1 366,8

144,6

27,3

40,1

146,5

Жалал-Абад облусу

1 910,7

2 563,5

132,7

52,5

69,6

132,6

Ысык-Көл облусу

1 550,0

1 798,6

128,0

33,1

40,9

123,5

Нарын облусу

1 009,9

1 159,2

127,2

23,4

26,2

111,9

Ош облусу

2 834,4

3 653,8

133,6

67,6

102,0

151,0

Талас облусу

404,6

569,3

147,5

10,8

13,8

128,0

Чүй облусу

1 897,8

2 060,3

120,6

35,0

38,3

109,5

Бишкек ш.

2 688,1

2 248,6

133,1

34,7

36,6

105,5

Ош ш.

573,9

694,6

138,1

10,6

15,4

145,3

Ушул жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 34,9 пайызы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 25,8 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарына, 10,4 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.

2-график: I жарым жылдыктагы максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Ушул жылдын I жарым жылдыгында бекитилген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын I кварталына салыштырганда 4,1 пайыздык пунктка азаюу менен 90,2 пайызды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан