Бишкек шаарында бир нече адамдан карызга акча алып, бербей качып жүргөн аял милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туралуу Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук ички иштер бөлүмүнө О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда, таанышы андан 13 миң сом карыз алып, эки эсе көп кылып берерин айтып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Ушундай эле арыз менен дагы бир жабырлануучу кайрылган. Кылмышка шектүү андан 10 миң сом алгандыгын айткан.
"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү, 44 жаштагы М.Д. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди. Мындан тышкары кармалган адамды жоопко тартуу үчүн дагы 15 адам арыз жазган. Жалпы келтирилген зыян 300 миң сомду түзгөн", - деп билдирди Ленин РИИБинен.
Ленин РИИБи кылмышка шектүү аялдан жапа чеккен же ал жөнүндө маалыматы бар жарандардан төмөнкү байланыш номурланыра: 0700 396 505, 0771 435 436, 0551 102 928, 0555 102 149, 0502 102 149 жана 102ге кабарлап коюуну өтүнөт .