Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан аллея көрктөндүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын Фейсбук баракчасында жазылды.
Шаар тургундары үчүн жаңы отургучтар орнотулуп, көчө шам чырактары жаңыланды. Мындан сырткары аргымактардын, төөнүн жана кербендердин жасалма (топиар) айкели жасалып орнотулду.





