Өткөрүлгөн 4-турдун жыйынтыгы боюнча гранттык окууга 5 миң 12 абитуриент, ал эми акы төлөө менен келишим боюнча 18 миң 87 абитуриент кабыл алынган. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг берип жатып билдирди.
Жаңы окуу жылына даярдануу жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында 2020-2021-окуу жылындагы билим берүү процессин онлайн режиминде жүргүзүү чечими кабыл алынган.