Венгрияда 16-22-сентябрь күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык эркин күрөшчү Алексей Крупняков (96 килограмм) коло медаль үчүн болгон күрөштө орусиялык Анзор Болтукаевке 8:5 эсебинде жеңилип калды. Дагы бир кыргызстандык балбан Алтынбек Алымбаев (55 килограмм) чейрек финалда утулуп, көңүл жубатырлык беттешке укук алган, бирок алгачкы беттеште казак балбанына утулду. Ал эми Улукман Маматов (66 килограмм) биринчи беттешин жеңип, экинчи беттеште грек балбанына жеңилди. Ошентип мелдештин биринчи күнүн кыргыз балбандары медалсыз жыйынтыктады. Жалпы жыйынтыкта Алексей Крупняков 5-орун, Алтынбек Алымбаев 8-орун жана Улукман Маматов 18-орунду ээледи. Ал эми бүгүн, 17-сентябрда 60, 84 жана 120 килограмм салмак даражасында медалдар ойнотулат. Кыргызстандан Базар Базаргуруев (60 килограмм) менен Айаал Лазарев (120 килограмм) килем үстүнө чыгат. Базар Базаргуруев Фрэнклин Гомес Матоско (Пуэрто-Рико) , Айаал Лазарев Йоханес Кесселге (Германия) каршы күрөшөт.